БШК интернет басылмалар менен кызматташат


ii

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы 23 интернет басылма менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду. Мыйзам боюнча электрондук басылмалар жалпыга маалымдоо каражаттардын катарына кирбейт. Ошондуктан шайлоо учурунда партиялардын үгүт материалдарын жарыялоого уруксат берүү үчүн БШК маалымат сайттар менен кызматташууга барды.

Документке кол коюлгандан тартып БШК өзүнө интернет басылмалардын шайлоо комиссиялары тууралуу суроолоруна жооп берүү милдетин алып жана башка маалыматтык жаатта кызматташууга укук берет.

Ошону менен катар интернет басылмалар шайлоо маселелерин чагылдырууга, үгүт иштерине катышууга уруксат алат.

Мыйзамга ылайык, интернет басылмалар ЖМК катарына кирбегендиктен, БШК ар дайым шайлоо алдында сайттар менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюп абалдан чыгып келет.

“Азаттык”

Leave a comment

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *