Эмне үчүн ЖМКлар бүгүнтөн баштап 2015-жылдагы парламенттик шайлоо учурундагы агитацияга катышууга даярдык көрө башташы зарыл?


Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эгер сиздер шайлоо өнөктүгүнө катышып, үгүт материалдарын жарыялоо (даярдоо) боюнча кызмат көрсөтөбүз десеңер, анда бүгүндөн калбай даярдык көрө башташыңар керек.

Бул, биринчи кезекте, тарифтик сетканы карап чыгууга байланыштуу.

“Шайлоо жөнүнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык (24-берененин 4-пункту жана 25-берененин 2-пункту), “Талапкерлерге, саясий партияларга берилген акы төлөнүүчү оболук убакыттын/басма аянтынын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес”. Ал эми кезектеги парламенттик шайлоо быйыл күзүндө болот. Ошондуктан, эгер сиздер үгүт материалдарын жарыялай турган болсоңор, көрсөтүлгөн кызмат үчүн тарифтерди азыртадан өзгөртүш керек. Болбосо, үгүт өнөктүгү башталганда баалардын өзгөртүлүшү мыйзам бузуу деп эсептелет.

 

Маалымат “Медиа Өнүктүрүү Борбору” коомдук фондусу жана “Журналисттер” коомдук бирикмеси тараптан даярдалды.

Суроолор пайда болсо, төмөнкү даректеги адамдарга кайрылсаңар болот:

Абдыкеримова Нургуль
“Медиа Өнүктүрүү Борбору” коомдук фондусунун директору

Айжамал Джаныбаева
“Медиа Өнүктүрүү Борбору” коомдук фондусунун юристи

тел.: +996 312 663006

e-mail:aijamal@medialaw.kg 

Leave a comment

Your email address will not be published. Required fields are marked *