БШК кайсы бир партияларга үгүттөөнү эрте баштаган чиновниктерге чара көрүүнү сунуштоодо


Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, региондордо айрым чиновниктер эмитен эле тигил же бул партияга добуш берүүгө чакырык таштоодо.

Бул фактылар боюнча өлкө тургундарынан жана социалдык тармактар боюнча ар кандай арыздануулар келип түшүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясы мындай аракеттер мыйзам бузууга жатаарын эскертип, шайлоо алдындагы компания расмий жарыяланып, тизмелер катталмайын партиялар үгүт иштерин жүргүзүүгө укугу жоктугун белгилейт. Мындан улам БШКнын айрым мүчөлөрү мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн коомдук кеңеш түзүүнү сунуштап жатышат.

“Азаттык”

Leave a comment

Your email address will not be published. Required fields are marked *