Жарандар 1994-жылкы паспорт менен шайлоого катыша алышпайт


pasporttor

Бүгүн (22-июль) Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаментинин башчысы Дүйшөн Сатыбалдиев журналистерге маалымат берди. Жыйында ɵкмɵттүн атайын токтомуна ылайык 1994-жылкы үлгүдɵгү поспортторду ID үлгүсүндɵгү паспортторго алаштыруу жүрүп жаткандыгы айтылды.

Мааалыматка ылайык 1994-жылкы паспорт менен жүргɵн жарандардын азыркы таптагы болжолдуу саны 100 миӊдин тегерегинде. Ошондой эле буга чейин 1994-жылкы үлгүдɵгү паспортторду ID үлгүсүндɵгү паспортко алмаштыргандар 40 миӊге жакын.

Сатыбалдиевди билдиргенине караганда алдыӊкы шайлоодо жарандар ID жана жалпы жарандык паспорттор менен гана добуш бере алат. 1994-жылкы паспорт менен жүргɵндɵр шайлоого катышуу укугунан ажырайт.

“Марал ФМ”

Leave a comment

Your email address will not be published. Required fields are marked *