9 партия шайлоо фондуна акча которушту


Учурда  КСДП, “Ата Мекен”, “Бир бол”, “Республика Ата-Журт” жана “Бүтүн Кыргызстан – Эмгек” партиялары 5 миллиондон өз шайлоо фонддоруна ашуун акча которушкан.

“Өнүгүү-Прогресс” партиясы шайлоо фондуна 45 млн. сом которуп башкалардан алдыда. Ал эми “Аалам”, “Улуу Кыргызстан” жана “Азаттык” партиялары топтогон каражаттар 5 миллион сомго жетпейт.

Мыйзам боюнча саясий партиялардын шайлоо фондунун эң жогорку чеги 500 млн. сом деп белгиленген. Ар бир партия шайлоого катышуу үчүн 5 млн. сом күрөө коюуга тийиш. Күрөө коюунун мөөнөтү 25-августта аяктайт. Шайлоого катышкандардын 5 % кем добуш алган партияларга күрөө кайтарылбайт. 4-октябрдагы шайлоого 34 партия катышуу ниетин билдиришкен.

Саресеп

Leave a comment

Your email address will not be published. Required fields are marked *