Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинен үзүндү


139-статья. Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга же шайлоо комиссияларынын ишине тоскоолдук кылуу

(1) Граждандын өзүнүн шайлоо укуктарын же референдумга катышуу укуктарын жүзөгө ашырышына тоскоолдук кылуу, ошондой эле шайлоо комиссияларынын же референдум өткөрүү боюнча комиссиялардын ишине тоскоолдук кылуу, –

эсептик көрсөткүчтүн элүү өлчөмүнөн жүз өлчөмүнө чейин айып салынат.

(2) Ошол эле жосундар:

1) сатып алуу, алдоо, зомбулук көрсөтүү же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен коштолгондо;

2) өзүнүн кызматтык абалынан пайдалануу менен жасалганда;

3) алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалганда;

4) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда, –

эсептик көрсөткүчтүн эки жүз өлчөмүнөн беш жүз өлчөмүнө чейин айып салынат же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(3) Шайлоочунун референдум, Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларын шайлоо убагында референдумдун же шайлоонун натыйжаларына таасир берүү максатында башка адам же адамдардын тобу үчүн добуш берүүсү, ага тете болгон ошол эле максатта мындай аракеттерге кошо катышуусу – эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга, же алты айдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2003-жылдын 14-ноябрындагы N 221 Мыйзамынын, 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

140-статья. Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу

Кыргыз Республикасынын Президенттигине, Жогорку Кеңештин же жергиликтүү кеңештин депутаттыгына жана мамлекеттик бийликтин башка органдарына талапкер шайлоочулардын добуштарын, ошондой эле алардын жакын туугандары ишенимдүү адамдары жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан материалдык баалуулуктар түрүндө же кандайдыр бир кызматты же башка дөөлөттөрдү алууга көмөктөшүү менен сатып алганда, –

беш жүздөн бир миңге чейинки эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндөгү айыпка же эки жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына, же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2003-жылдын 14-ноябрындагы N 221 Мыйзамынын, 2004-жылдын 15-декабрындагы N 191 Мыйзамынын, 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)

141-статья. Шайлоо документтерин, референдумдун документтерин бурмалоо же добуштарды туура эмес эсептөө

(1) Шайлоо документтерин, референдумдун документтерин бурмалоо, добуштарды атайылап туура эмес эсептөө же шайлоонун, референдумдун натыйжаларын атайылап туура эмес чыгаруу, добуш берүүнүн жашырындуулугун же тартибин бузуу, эгерде бул жосундар шайлоо комиссиясынын, демилгелүү топтун же референдум өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсү тарабынан жасалса, –

эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн жети жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салууга, же эки жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(2) Ошол эле аракеттер шайлоо комиссиясынын же референдум өткөрүү боюнча комиссиянын төрагасы, төраганын орун басары, катчысы тарабынан ага тете болгон алдын ала жең ичинен бүтүм жасалса, –

эсептик көрсөткүчтүн жети жүздөн бир миңге чейинки өлчөмүндө айып салууга, же үч жылдан жети жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

(КР 2003-жылдын 14-ноябрындагы N 221 Мыйзамынын, 2007-жылдын 25-июнундагы N 91 Мыйзамынын редакцияларына ылайык).

Leave a comment

Your email address will not be published. Required fields are marked *